Жээнбеков: Башкы мыйзамыбыздын укуктук гана эмес, руханий жана маданий да мааниси бийик

  Мезгил

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-майда, кыргызстандыктарды Конституция күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

«Урматтуу мекендештерим!

Сиздерди 5-Май Конституция күнү менен куттуктайм.

Чейрек кылымдан ашык мезгилден бери Конституциябыз эгемен мамлекетибиздин  өнүгүү  жолун аныктап, өлкөбүздүн соңку тарыхында өзгөчө ролду ээлеп келет.

Конституция — Кыргызстандын дүйнө коомчулугунда демократиялык мамлекет катары ордун бекемдөөгө, саясий жана экономикалык реформаларды жүргүзүүгө укуктук негиз болду.

Башкы мыйзамыбыздын укуктук гана эмес, руханий жана маданий да мааниси бийик. Элибиздин дүйнө таанымын, келечек мүдөөсүн чагылдырган, өлкөбүздүн келечек багытын аныктоо үчүн  пайдубал түзгөн документ катары кызмат кылууда.

Конституцияда камтылган баалуулуктарды, анын нормаларын бекем сактап, өлкөбүздү мындан ары өнүктүрүү — биздин негизги милдетибиз.

Майрамыңыздар менен куттуктап, ар бириңиздерге ден соолук, бакты-таалай, ийгиликтерди каалайм».

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *