Жээнбеков: Бажы тармагында ишкерлерди тейлөө жөнөкөйлөштүрүлдү

   Мезгил

«Бажы тармагында ишкерлерди тейлөө жөнөкөйлөштүрүлдү. Бажы төлөмдөрүн онлайн тастыктоо системасы киргизилди. Натыйжада, төлөмдү тастыктоо зарылдыгы жокко чыгарылды. Буга чейин банк менен бажынын ортосунда ишкер 1-2 күн кетирчү, эми андай зарылдык жок», — деди президент  Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-февралда, Өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитетинин экинчи жыйынында.

Мамлекет башчысы белгилегендей, бүгүнкү күндө толук кандуу иштеп жаткан 14 өткөрмө пунктунун негизги товар өтүп турган 9 өткөрмө пунктуна жана 4 бажылык тейлөө жайына онлайн-байкоо системасы киргизилди. Жалпысынан 506 видеокамера коюлду, анын ичинен 13 видеокамера «Түндүк» системасына интеграцияланды. Каалаган жаран бажыдагы ишкерлерди тейлөө процессине интернет аркылуу байкоо жүргүзө алат. Алты өткөрүү пункттарында автоматташтырылган инспекциялык-текшерип кароо комплекси (сканер) ишке киргизилди.

«Аталган комплекс киргенге чейин текшерүү 2 сааттан тартып бир нече күнгө чейин убакытты алчу, азыр 5-10 минут убакытты алат. Бажыга товарларды киргизүүдө бажы органдарын алдын ала маалымдоо системасы киргизилди. Буга чейин бир унааны бажылык тейлөө процесси 3-5 саатка чейин жетсе, бүгүн 10-15 минутту түзүүдө», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *