Жээнбеков Бишкек шаар мэриясынын муктаж болгон жарандарды колдоо иши менен таанышты

Мезгил

Президент  Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-апрелде, Бишкек шаар мэриясынын өзгөчө абал шартында калктын социалдык жактан аярлуу катмарына жардам көрсөтүү боюнча ишмердиги менен таанышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Бүгүнкү күндө борбор калаадагы 42 миңден ашык жардамга муктаж үй-бүлө, Бишкек шаарына жакын жашаган Чүй облусунун 2,5 миң үй-бүлө азык-түлүк топтому менен камсыз болду.

«Мамлекеттик бийлик органдары үчүн бул — татаал сыноо. Мына ушундай катаал кырдаалда кимдин ким экендиги билинет. Бишкекте карантиндин алгачкы күндөрү көп мүчүлүштүктөр болду. Азыр кемчиликтер жоюлуп, зарыл иштер ырааты менен жүргүзүлүп жатат», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *