Жээнбеков: Биз бардык аймактарга комплекстүү ооруканаларды курабыз

    Мезгил

«Стационарлар сөзсүз керек. Кыска мөөнөттүн ичинде алар медициналык мекемелердин жүгүн бир топ жеңилдетип, өзүнүн натыйжалуулугун көрсөттү. Бирок биз бардык аймактарда комплекстүү ооруканаларды дагы кура баштайбыз» Бул тууралуу   президент  Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-июлда, Талас шаарындагы күндүзгү стационарга барган учурунда айтты. 

Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиевдин маалыматына ылайык, күндүзгү стационар 100 орундукка ылайыкталган жана ачылган күндөн бери ага миңден ашуун адамдар жардам алуу үчүн кайрылган.

Медициналык кызматкерлер менен баарлашууда Президент Сооронбай Жээнбеков аймактарга керектүү дары-дармектерди жана медициналык каражаттарды жеткирүү үчүн жергиликтүү бийлик бардык чараларды көрөрүн белгиледи. Стационарларды дары-дармектер жана  медициналык каражаттар менен өз убагында жана толук камсыздоо зарылдыгын баса белгиледи.

Президент коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө негизги кыймылдаткыч күчкө айланган медицина кызматкерлерине дагы бир ирет ыраазычылык билдирди.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *