Жээнбеков: Эгерде абал жакшырбаса, жарым жылдын жыйынтыгында өтө катуу чараларды көрөбүз

   Мезгил

Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында “Кээ бир мамлекеттик органдарда өлкөнү санариптештирүү боюнча иш канааттандырарлык эмес жүрүүдө — деди.  

 “Мөөнөттөрү 6-7 ай мурда өтүп кеткен айрым иш-чаралар аткарылбай калууда. Мисалы, Саламаттык сактоо, Билим берүү жана илим министрликтеринде иш ойдогудай жүрбөй жатат. «Санарип Кыргызстан» Концепциясын ишке ашырууга жооптуу мамлекеттик органдардан ыкчамдыкты талап кылам», — деп белгиледи Мамлекет башчысы. 

Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын июль айына чейин Коопсуздук кеңештин санариптештирүү чечимин аткаруу боюнча иш тиешелүү деңгээлде жүргүзүлбөй, бул маселе Коопсуздук кеңештин жыйналышында карала турганы маалым болгондон кийин мамлекеттик органдар активдешип, айрым иш-чаралар аткарыла баштаганын баса белгиледи.

“Санариптештирүү чөйрөсүндө кандай иш-чаралар аткарылбай жаткандыгы тууралуу маалыматтарды Коопсуздук кеңештин катчысы да баяндады. Мен бардык мамлекеттик органдардын жетекчилерине Коопсуздук кеңештин чечимдеринин аткарылбай калышына жол берилбей турганын эскертем. Бул эскертүү — «Түндүк» системасынын алкагында мамлекеттик органдар ортосунда маалымат алмашууну толук камсыз кылбаган мамлекеттик органдардын жана ведомстволук уюмдардын жетекчилерине тиешелүү. Коопсуздук кеңешинин катчылыгы бул мамлекеттик органдардын жетекчилерине эскертүү жарыялоону туура сунуштоодо. Эгерде абал жакшырбаса, жарым жылдын  жыйынтыгында өтө катуу тартип чараларын көрөбүз», — деп эскертти Президент.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *