Жээнбеков: Элдин ырыскысын жегендер, эч качан жарыбайт

Мезгил

 Кыргызстан – таза суунун өлкөсү дейбиз, бирок калктын жарымы турмуш-тиричиликте таза сууга муктаж. Бул тууралууСооронбай Жээнбеков б үгүн, 27-февралда, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүп жаткан «Кыргыз Республикасы: региондук өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» конференциясында билдирди.

-Таза суу болбосо, улут саламаттыгы коркунучта. Таза суу болбосо— туризм кайдан өнүгөт? Дагы бир амбициялуу максатыбыз— жакынкы 5 жылда Кыргызстандын бардык аймактары таза суу менен камсыз болот!

Калкты таза суу менен камсыз кылуу Стратегиясынын алкагында 650 калктуу конушка таза суу жеткирилет-деди Жээнбеков

Ошондой эле мамлекет башчысы бул долбоорлорду каржылоо максатында Европа реконстукциялоо жана өнүктүрүү банкы, Дүйнөлүк Банк, Ислам өнүктүрүү банкы жана Азия өнүктүрүү банкы менен сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын билдирди.

-Биз аймактардагы таза суу долбооруна акча каражаттарын таап жатабыз. Эми жергиликтүү бийликтин милдети— бул каражаттарды максаттуу өздөштүрүү. Ошол эле учурда таза суу системасынын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу зарыл.

 

Таза суу арбир үйгө чейин жеткиликтүү болушу абзел. Эсептегичтерди коюп, сууну сарамжалдуу пайдаланууну үйрөнүү керек. Урматтуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ассоциацияларды түзүп, таза жана коррупциясыз иштегиле. Ичкен суунун эсебинен уурдагандар, элдин ырыскысын жегендер, эч качан жарыбайт-деди өлкө башчысы.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *