Жээнбеков Эрдоганга жер титирөөнүн кесепетинен курман болгондорго байланыштуу көңүл айтты

  Мезгил

Президент  Сооронбай Жээнбеков Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоганга жана Түркия элине Элязыг провинциясынын Сивриже шаарында жер титирөөнүн кесепетинен курман болгондорго байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. 

«Элязыг провинциясынын Сивриже шаарында жер титирөөнүн кесепетинен көптөгөн жарандардын курман болгондугу тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизге жана жалпы Түркия элине терең көңүл айтам. Каза болгондордун бир туугандарынын жана жакындарынын орду толгус жоготуу азасын тең бөлүшөм. Бардык жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетүүсүн каалайм», — деп белгиленет көңүл айтуу телеграммасында.

Элязыг провинциясынын Сивриже шаарында күчү 6,8 ге жеткен жер титирөө болуп 20 га жакын адам каза болду. 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *