Жээнбеков эртең ыктыярчылар менен жолугат

   Мезгил

Эртең, 21-июлда «Ала-Арча-1» мамлекеттик резиденциясында президент Сооронбай Жээнбеков менен ыктыярчылар жолугат. Бул тууралуу өлкө башчынынын пресс-кызматы билдирди.

Жолугушууда  Кыргызсандагы оор кырдаалда активдүүлүгүн көрсөтүп, мамлекетке, дарыгерлерге жардам берип жүргөн ыктыярчылар өлкөдөгү чыныгы эпидемиологиялык абалды, аны менен болгон күрөш жөнүндө ачык айтып беришет.

Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушууга чакырылгандардын катарында Нуриля Чолпонбаева, Урмат Насыкулов, Эркин Рыскулбеков жана башкалар бар. Жалпы 15 ыктыярчы чакырылган.

 Ыктыярчы кыймылынын активисттеринин саны өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу чектелген.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *