Жээнбеков Ирандын президенти менен телефон аркылуу сүйлөштү. Эмне жөнүндө сөз болду?

  Мезгил

Бүгүн, 9-июнда, президент Сооронбай Жээнбеков Иран Ислам Республикасынын Президенти Хасан Рухани менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. 

  Тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттары менен келечегин, анын ичинде коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча биргелешкен чараларды көрүү маселелерин талкуулашты. Сооронбай Жээнбеков илдет менен күрөшүүдө Кыргызстанга көрсөткөн колдоосу, атап айтканда, тиешелүү гуманитардык жардам бергендиги үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Мамлекет башчылары эки жактуу жана регионалдык кызматташууну, ошондой эле өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүү деңгээлин жогорулатууну активдештирүүнүн маанисин баса белгилешти.

Сооронбай Жээнбеков менен Хасан Рухани маселелердин бардык чөйрөсү боюнча Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы жемиштүү кызматташуунун улантылышына кызыкдар экенин билдиришти.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *