Жээнбеков Ислам өнүктүрүү банкынын президенти менен сүйлөштү

  Мезгил

Бүгүн, 8-апрелде Президенти Сооронбай Жээнбеков Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) президенти Бандар М.Х.Хаджар менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Ислам өнүктүрүү банкы менен Кыргызстандын ортосундагы эки тараптуу экономикалык кызматташуунун бүгүнкү абалы жана келечеги, ошондой эле коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча чаралар талкууланды.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө, анын ичинде коронавирустун жайылышы жана анын кесепеттери менен күрөшүүдө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Сооронбай Жээнбеков аталган илдеттин жайылышынын социалдык-экономикалык залакаларын жумшартуу үчүн Кыргызстанга көмөк көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүн караштырууну сунуш кылды.

ИӨБ президенти Бандар M. Х. Хаджар  коронавирус инфекциясы дүйнө өлкөлөрүнүн эли менен экономикасына олуттуу чакырык болуп жаткандыгын баса белгиледи.

Ал ИӨБ Кыргызстанга тиешелүү колдоо көрсөтүү маселесин карай тургандыгына ишендирди.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *