Жээнбеков Кара-Көл шаардык сотунун судьясы Памирбек Ыманбековду кызматынан убактылуу четтетти

  Мезгил

Президент  Сооронбай Жээнбеков Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын киргизген сунушуна ылайык, Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык сотунун судьясы Ыманбеков Памирбек Жакыпбековичти кызмат ордунан убактылуу четтетүү тууралуу Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, Судьялар кеңешинин тартип комиссиясы Памирбек Ыманбековду кызмат ордунан убактылуу четтетүүгө жана жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө сунуш менен Мамлекет башчысына кайрылган.

Буга Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык сотунун судьясы Памирбек Ыманбековго карата КР Жазык кодексинин 320-беренесинин 4-бөлүгүндө (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 326-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1, 2-пункттарында (опузалап пара алуу) каралган кылмыштардын белгилери менен жазык иши козголгондугу жөнүндө көрсөтүлгөн сунушу негиз болгон.

Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *