Жээнбеков Казакстандын  президенти Токаевди туулган күнү менен куттуктады

 Мезгил

Бүгүн, 17-майда  президент  Сооронбай Жээнбеков Казакстандын  президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. 

Маалым болгондой, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков Касым-Жомарт Токаевди туулган күнү менен жылуу куттуктап, ага бекем ден соолук жана мамлекеттик ишмердигинде мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Мамлекет башчылары ошондой эле эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана алдыдагы эл аралык көп тараптуу иш-чараларга катышууну талкуулашты.

Сүйлөшүүнүн соңунда мамлекет башчылары өз ара пайдалуу кызматташтыкты ар тараптуу өнүктүрүүгө, эки бир тууган элдин бакубатчылыгы үчүн эзелтен берки кыргыз-казак достук, ынак кошуналык, союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө чечкиндүүлүктү тастыкташты.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *