Жээнбеков: Коррупцияга аралашкандардын бардыгы ээлеген кызматына карабай жазалансын

   Мезгил

Президент  Сооронбай Жээнбеков   Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. 

Өлкөдөгү коррупцияга каршы багытталган чаралар боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат угулду.

Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик башкаруунун бардык чөйрөлөрүндө жана экономиканын тармактарында коррупциялык көрүнүштөрдүн тамырын кыркуу боюнча пландуу иштерди улантуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

«Мамлекеттик органдардагы коррупциялык тобокелдиктердин жаралышына өбөлгө боло турган көрүнүштөрдүн бардыгын толук жок кылганда гана коррупциянын азайгандыгы жана мыйзамдын үстөмдүгү тууралуу кеп кыла алабыз. Антикоррупциялык заманбап механизмдерди ишке киргизүү жана аларды дайыма колдонуу иштери токтоп калбашы керек. Коррупцияга каршы аракеттенүүнүн так иштелип чыккан бир бүтүн тутуму гана бул зыяндуу көрүнүштөн арылууга жардам берет», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Сооронбай Жээнбеков коррупцияга аралашкандардын бардыгы ээлеген кызматына, наамына жана мурдагы жетишкендиктерине карабастан, тийиштүү жазасын алышы керектигин дагы бир жолу баса белгиледи.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *