Жээнбеков Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулу Эркин Сопоковду кызматтан алды

Мезгил

Эркин Сопоков КРдин Стамбул шаарындагы башкы консулу кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. 

Маалым болгондой, президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргызстандын Түркиянын  Стамбул шаарындагы Башкы консулу Сопоков Эркин Мамасалиевич ээлеген кызматынан бошотулду.

Белгилей кетсек,  кечээ чуулгандуу Айеркен Саймаитини Стамбулда атып кетишкен.  Каза болгон учурда анын чөнтөгүнөн “Ренж Ровер” автоунаасынын ачкычы табылган. Бул автоунаа Кыргызстандын Стамбулдагы консулдугуна, тагыраагы башкы консул Эркин Сопоковго тиешелүү болушу мүмкүн деген маалымат тараган. 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *