Жээнбеков: “Менде сот реформасын ишке ашырууга саясий эрк бар”

Мезгил

“Менде сот реформасын ишке ашырууга саясий эрк бар” Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн 30-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында сөз сүйлөп жатып билдирди. 

-Өлкөдө адилет сот системасы орномоюн, мамлекет өнүкпөйт. Катардагы жарандарыбыздын укугу корголбойт.

Сот-укуктук реформа кайсы мамлекетте болбосун жеңил-желпи ишке ашпайт. Бизде да эң оор реформалардын бири мына ушул сот-укуктук реформа болууда.

Реформага киришип жатып, мен соттордон „Реформа жасаш үчүн эмне керек?“ деп сурадым. Сот корпусу “саясий эрк жана акча каражаты” деди. Менде сот реформасын ишке ашырууга саясий эрк бар.

Бул менин президенттик ишимдин маңызы. Анткени, карапайым калктын укугу адилеттүү сот системасы орногондо гана корголот.

Акыркы эки жылда сот системасына республикалык бюджеттен  каражат жетиштүү жумшалып, өтө чоң колдоо болду. Санариптештирүүгө каражат үзгүлтүксүз бөлүнүп турду. Имараттар оңдолду. Кыскасын айтканда, саясий эрк бар, каражат жетиштүү-деди мамлекет башчы.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *