Жээнбеков менен Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү

 Мезгил

Бүгүн, 1-июнда президент  Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Эки мамлекеттин башчылары кыргыз-өзбек кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, анын ичинде чек ара кызматташтыгы, ошондой эле 2020-жылдын 31-май күнү чек арага танапташ жерде болгон конфликттик кырдаалды талкуулашты. Сооронбай Жээнбеков менен Шавкат Мирзиёев мындан ары андай жаңжалдарды болтурбоо боюнча бардык зарыл чараларды көрүүнү макулдашты.

Кыргызстан менен Өзбекстандын Президенттери эки өлкөнүн элдери илгертен бери эле ынтымакта жашап, кыйын күндөрдө бири-бирине жардам берип келишкендиги боюнча орток пикирин билдиришти.

Эки мамлекеттин башчылары бир нече жолу берилген гуманитардык жардам үчүн өз ара ыраазычылыктарын айтышты.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *