Жээнбеков менен Путин телефон аркылуу сүйлөштү

  Мезгил

Бүгүн, 8-майда, президенти Сооронбай Жээнбеков Россиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. 

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Мамлекет башчылары Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына байланыштуу бири-бирине куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Президент Сооронбай Жээнбеков Улуу Жеңиш — эркиндик жана көз карандысыздык үчүн жанын аябай күрөшкөн элдерибиздин жалпы мурасы болуп саналарын айтып, Экинчи Дүйнөлүк Согуш жөнүндөгү тарыхый чындыкты бурмалоого жол бербөөгө багытталган аракеттерди улантуу зарылдыгын белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков ошондой эле коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө көрсөткөн жардамы үчүн Владимир Путинге ыраазычылык билдирип, бул илдет менен күрөшүү боюнча мындан аркы биргелешкен чараларды талкуулады.

Мындан сырткары, Мамлекет башчылары  эки тараптуу кыргыз-орус кызматташтыгын мындан ары кеңейтүү, ошондой эле көп тараптуу уюмдар жана интеграциялык бирикмелердин алкагында өз ара аракеттенишүү жаатында пикир алмашышты.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *