Жээнбеков менен Токаев эки өлкөнүн жарандарын өз мекендерине биргелешип кайтаруу боюнча сүйлөштү

Мезгил

Бүгүн, 17-майда, президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. 

Сооронбай Жээнбеков Касым-Жомарт Токаевди туулган күнү менен куттуктап,  каалоо-тилектерин билдирди.

Мамлекет башчылары кыргыз-казак эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелери боюнча пикир алышып, коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы  биргеликтеги чараларды талкуулашты.

Ошондой эле эки өлкөнүн жарандарын өз мекендерине биргелешип кайтаруу   маселеси козголду.

Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Казакстан территориясы аркылуу транзит менен алып келүүдө көрсөтүлүп жаткан көмөккө  ыраазычылык билдирди.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *