Жээнбеков Москва шаарына учуп кетти

  Мезгил

Президент  Сооронбай  Жээнбеков бүгүн, 23-июнда  Москва шаарына иш сапары менен учуп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. 

Президент Сооронбай  Жээнбеков Россиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу боюнча Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоого арналган иш-чараларга катышат.

Иш сапардын алкагында Мамлекет башчысы Москванын Кызыл аянтындагы аскер парадына, ошондой эле Кремль дубалындагы белгисиз жоокердин күмбөзүнө гүлчамбар коюу аземине катышат.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *