Жээнбеков Москвада өтүүчү Жеңиш парадына катышат

   Мезгил

Президент  Сооронбай Жээнбеков Россия президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен 24-июнда 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган иш-чараларга катышат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. 

 Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыковдун билдиришинче, иш сапардын алкагында Москванын Кызыл аянтындагы аскер парадына, ошондой эле Кремль дубалындагы белгисиз жоокердин күмбөзүнө гүлчамбар коюу аземине катышуу пландаштырылган.

 «Белгилей кетчү нерсе, 75 жыл мурун, ушул күнү — 1945-жылдын 24-июнунда Кызыл аянтта жеңүүчүлөрдүн легендарлуу тарыхый парады болуп өткөн», — деп баса белгиледи Данияр Сыдыков.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *