Жээнбеков Москвадагы учак кырсыгына байланыштуу Владимир Путинге көңүл айтты

   Мезгил

Президент  Сооронбай Жээнбеков Москва шаарынын Шереметьево аэропортунда болгон каргашалуу окуянын кесепетинен көптөгөн адамдар каза болгондугуна байланыштуу Россиянын Президенти Владимир Путинге көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. 

«Шереметьево аэропортунда болгон каргашалуу окуянын кесепетинен көптөгөн адамдар каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстан элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтуу менен, баардык жабыркагандардын тез айыгып кетүүсү боюнча каалоомду жеткирип коюуңузду өтүнөм. Орду толгус аза кайгысын тең бөлүшөбүз», — деп белгиленген Мамлекет башчысынын көңүл айтуу  телеграммасында.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *