Жээнбеков: Пандемия системанын бардык болгон көйгөйлөрүн ачыкка чыгарды

   Мезгил

Президент  Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-августта, Баткен облустук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имаратын капиталдык реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Урматбек Кокочаровдун маалыматына ылайык, бул жерде 90 орундуу жаңы оорукананы ачуу үчүн оңдоп-түзөө жана калыбына келтирүү иштери жүрүүдө. Оңдоп-түзөө иштерин үстүбүздөгү жылдын август айынын аягына чейин бүткөрүү пландалууда.

Президент Сооронбай Жээнбеков медициналык кызматкерлер менен баарлашып, медицина жаатында биринчи кезекте бейтаптарга эң ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүгө багыттала турган өлкөнү санариптештирүү саясатынын максаттары жана милдеттери жөнүндө кеңири айтып берди.

Сооронбай Жээнбеков ошондой эле саламаттык сактоо тармагындагы көйгөйлөрдү жакшы билерин белгиледи.

«Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңеши бир жарым жылдан бери саламаттык сактоо тармагындагы көйгөйлөрдү иликтөө үстүндө иштеди. Биз жакынкы аралыкта кырдаалды жакшыртуу үчүн бул маселени ар тараптуу карап чыгабыз. Пандемия системанын бардык болгон көйгөйлөрүн ачыкка чыгарды», — деп баса белгиледи Президент.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *