Жээнбеков: Президент катары эч кимге моралдык да, материалдык да карызым жок

Мезгил

“Президент катары эч кимге моралдык да, материалдык да карызым жок”. Бул тууралуу президент  Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-июнда,  Жогорку Кеңештин  жыйынында Өкмөттүн жаңы мүчөлөрүнүн ант берүүсүнө  катышып, анда сөз сүйлөп жатып билдирди. 

-Мен шайлоону адилет өткөрүүнү, бардык партияларга бирдей шарт түзүүнү келе жаткан учурдун эң актуалдуу маселеси деп эсептейм.

Бардык партияларга карата бирдей шарттар түзүлөт. Эл арасында „тигил же бул партия Президенттин колдоосун алыптыр, ошол партияга баланча мандат алып берет экен“ деген сөздөрдү угуп жатам.

Партия — жалпы коомдун бир гана бөлүгү. Мен кандайдыр бир партияга эмес, жалпы элге кызмат кылуу үчүн шайлангам. Кимдир бирөө менен адам катары, адамгерчилик мамилем болушум мүмкүн. Бирок, Президент катары эч кимге моралдык да, материалдык да карызым жок. Менин тирегим — эл-деди президент.

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *