Жээнбеков: “Региондорго инвестиция тартып, жумушчу орундарды түзүү — жергиликтүү бийликке болгон негизги талаптардын бири”

  Мезгил

   Кечээ, 16-майда Президент Ысык-Көл облусунун Түп районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда «Региондорго инвестиция тартып, жумушчу орундарды түзүү — жергиликтүү бийликке болгон негизги талаптардын бири», —  деди.  

 Мамлекет башчы белгилеп кеткендей, мамлекет тарабынан региондорду өнүктүрүү үчүн болгон мүмкүнчүлүктөр бурулуп,   банк системасынын да мамлекеттик  бюджеттен дагы каражаттар  жумшалып жатат. 

«Ошону менен бирге, жергиликтүү бийлик, акимдер, айыл өкмөттөрдүн  башчылары, баарыңар мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, бөлүнгөн каражаттарды гана күтпөстөн, инвестицияларды райондорго тартканга аракет кылгыла. Ысык-Көл фондусунун акчасын жана  республикалык бюджетти гана карап отурбастан, донорлор, инвесторлор менен дагы иштеп, сырттан каражат тартуу зарыл», — деп баса белгиледи  Мамлекет башчысы. Ал жергиликтүү бийликтин ишин баалоодо аймактарга инвестиция тартуу жана жумушчу орундарды түзүү негизги критерий болорун эске салды.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *