Жээнбеков Шевченкону жеңиши менен куттуктап, Ысык- Көлгө чакырды (видео)

Мезгил

Мекендешибиз мушкер Валентина Шевченко кечээ америкалык Кэтлин Чукагян менен беттешип, жеңишке жетишти.   Муну  менен Шевченко 3-ирет чемпиондук наамын коргоп калды.   

  Валентина Шевченко президент Сооронбай Жээнбеков  аны жеңиши менен куттуктаганын инстаграмдагы баракчасына жазды.   

 Ал өлкө башчыга ыраазычылык билдирип, Жээнбеков Ысык-Көлгө эс алууга чакырганын кошумчалады.  

“Кыргызстандын президенти Сооронбай Шарипович телефон аркылуу байланышып, жеңишим менен куттуктап, ийгиликтерди каалады. Машыктыруучум Павел (Федотов) менен эжем Антонинага салам айтып кой деди. Абдан жагымдуу болду. Бул чоң мотивация. Сооронбай Шарипович бизди жайында Ысык-Көлгө эс алып кетүүгө чакырды. Биз сөзсүз барабыз. Чоң рахмат, урматтуу президент”, — деген Шевченко.

Эскерте кетсек, 9-февралга караган түнү Хьюстон шаарында өткөн UFC 247 турниринин алкагында Шевченко америкалык Кэтлин Чукагянды үчүнчү раундда техникалык нокаут менен утуп алган.  Жеңишинен кийин Шевченко сөз сүйлөп, кыргыз элине колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. 

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *