Жээнбеков: «Талаптарды аткарбай жаткан коомдук транспорт компанияларына тийиштүү чаралар көрүлүшү керек

   Мезгил

«Талаптарды аткарбай жаткан коомдук транспорт компанияларына карата тийиштүү чаралар көрүлүшү керек. Ресторан, кафелерге уруксат берилген. Бирок, алар да коюлган талаптарды так аткарууга милдеттүү» Бул тууралуу президент  Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-июнда, чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.

Мамлекет башчысы бул илдетти алдын алууга ар бир жаран катышууга жана дарыгерлердин айткандарын аткарууга милдеттүү экенин кошумчалады.

Айрым жарандар өздөрү оорубай, бирок вирусту алып жүрүүчү катары коомго коркунуч жаратып жатканын баса белгиледи.

«Ошондуктан коомдук жайларда беткап режимин катуу сактоо, оорунун белгилери байкалса, обочолонуу талаптары актуалдуу бойдон калууда», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *