Жээнбеков: Ыйык Орозо айында дилибизди тазаладык, жан дүйнөбүздү жаӊырттык

  Мезгил

Президент  Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

«Урматтуу мекендештерим!

Кымбаттуу момун мусулмандар!

Баарыңыздарды Орозо Айт майрамыӊыздар менен чын дилимден куттуктайм!

Эгемендүү өлкөбүздөгү жалпы мусулмандар бир ай бою орозо кармады, Жаратканга жалбарып, жалпы журтубузга жакшылык каалады.

Ыйык Орозо айында дилибизди тазаладык, жан дүйнөбүздү жаӊырттык.

Элибизге бекем ыйман, адал эмгек менен жашоону, улуттар арасындагы сый-урматты, биримдикти  тиледик.

Коом ичинде мээримдүүлүк жана сабырдуулук, достук жана бир туугандык сезимдер чыңдалды, кайрымдуулук иштери жасалды.

Жараткан Кудайым Өзү кармаган орозобузду кабыл кылсын!

Аруу тилектерибиз ишке ашсын, көздөгөн максаттарыбызга  жетели!

 Урматтуу мекендештерим!

Буйруса, Кудайдын колдоосу менен, жалпы дүйнө коомчулугу туш болгон бул татаал сыноодон татыктуу чыгабыз.

Бул күрөштө негизги таянычыбыз — биримдик жана тартип.

Ар бир мекендешиме бекем ден-соолук, бак-таалай, ийгилик каалайм.

Орозо күндөрү ниет кылган аруу тилектерибиз кабыл болсун!

Жараткан Кудайым Өзү колдоп, ар дайым элибизде аманчылык, жергебизде  тынчтык болсун!»

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *