Жээнбеков ЖЕЭК мүчөлөрүнүн видеоконференция форматындагы жумушчу жыйынына катышат

  Мезгил

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-апрелде,  Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңешинин  (ЖЕЭК)  мүчөлөрүнүн видеоконференция форматындагы жумушчу жыйынына катышат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. 

Беларусь Республикасынын төрагалыгы астында өтүүчү жумушчу жолугушуусунда коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу жана Евразия экономикалык бирлигинде экономикалык туруктуулукту камсыз кылуу маселелери талкууланат.

Эске салсак, ЖЕЭК мүчөлөрү — Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *