Жээнбеков Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин видеоконференция жыйынына катышат

 Мезгил

Президент  Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-майда, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) видео-конференция форматындагы кезектеги жыйынына катышат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. 

Беларусь Республикасынын төрагалыгы астында өтө турган кезектеги жыйында евразия интеграциясын тереңдетүүнүн актуалдуу маселелери, аны жакынкы жылдарда өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары, ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин макроэкономикалык саясатынын негизги багыттары жана башкалар каралат.

Эске салсак, ЖЕЭК мүчөлөрү — Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян.

ЖЕЭК жыйынына ошондой эле байкоочу өлкө башчысы катары Молдова Республикасынын Президенти Игорь Додон катышат.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *