Жээнбековдун коронавируска тапшырган анализи таза чыкты

   Мезгил

Президент Сооронбай Жээнбековдун Бишкекке келгенден кийин коронавируска тапшырган анализи таза чыкты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. 

Кечээ, 24-июнда, Москвадан келери менен президент  Сооронбай Жээнбеков жана делегация мүчөлөрү коронавируска карата кайрадан тест тапшырышты.

Мамлекет башчысынын тапшырган анализинин жыйынтыгы таза чыкты. Президент Сооронбай Жээнбеков өз алдынча обочолонууда болууну улантат жана ишин алыстатылган тартипте жүргүзөт.

Ошону менен бирге Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков менен күзөт кызматынын кызматкеринен коронавирус инфекциясы тастыкталды. Аларда илдет белгилери жок өтүп жаткандыктан, бүгүнтөн тарта үйдө обочолонуу шартында дарыланышат.

Делегациянын калган мүчөлөрү менен коштоп барган адамдардын илдетке карата кайрадан тапшырган анализдери таза чыкты. Алардын өз алдынча обочолонуу шартында болуусу уланууда.

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *