Жээнчороев айта береби, жигиттик сөзүнөн кайта береби?

    Мезгил

2017-жылы 17-майда Жогорку Кеңештин депутаттары “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун экинчи окууда колдошкон. Мыйзам долбоорунун демилгечилери: Дастан Бекешев (КСДП), Айнуру Алтыбаева (КСДП), Мирлан Жээнчороев (“Республика – Ата Журт”), Үмбөталы Кыдыралиев (“Республика – Ата Журт”), Дастан Жумабеков (“Кыргызстан”), Таалайгүл Исакунова (“Өнүгүү-Прогресс”), Мирлан Бакиров (“Өнүгүү-Прогресс”), Алтынбек Жунус уулу (“Өнүгүү-Прогресс”), Алмасбек Акматов (“Бир бол”), Алмамбет Шыкмаматовдор (“Ата Мекен”) болушкан.

 Мыйзам долбооруна – 115 депутат добуш берип, анын ичинен 106 депутат макул, 9 депутат каршы болгон.

Мыйзам долбооруна каршы болгон эл өкүлдөрү

1) Акаев Ж.К.

2) Иманалиев К.К.

3) Масалиев И.А.

4) Никитенко Н.В.

5) Салянова А.Ж.

6) Сулейманов Б.И

7) Токтошев Э.Т.

8) Шер-Нияз С.

9) Шыкмаматов А.Н.

Добуш берүүгө катышпай калган эл өкүлдөрү

1) Акматов А.Ж.

2) Мамашова А.Т.

3) Өмүрбекова А.С.

4) Текебаев Ө.Ч. (камакта болгон)

5) Шадиев А.А.

Парламенттеги талкуу учурунда “Бир Бол” фракциясынын депутаты Улукбек Ормонов мыйзамдын демилгечилеринен эмне үчүн босого 9 пайызга көтөрүлгөдүгү тууралуу сураган.“Башында 5 пайыз болчу, андан кийин 7 пайызга көтөрүлдү. Биз башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын карап чыгып Кыргыз мамлекетинин кээ бир партиялары мындай пайызга туруштук бере албайт. Көпчүлүк өлкөлөрдө босоголук балл 3-5 пайыз”, – деген Ормонов.

Демилгечилердин бири депутат Мирлан Жээнчороев бул сунуш партиялардын биригишине түрткү боло турганын айтып чыккан. Анын айтымында өлкөдө 200дөн ашуун саясий партия бар. Мындай кадам саясий элитанын шайлоо процессине активдүү катышуусуна өбөк болуп, өлкө үчүн, жалпы кызыкчылык үчүн биригишине мүмкүнчүлүк бере турганын белгилеген.

Кызык жери талкуу учурунда суроо узаткан Улукбек Ормонов мыйзамга макул деп добуш берген. Ал эми мыйзамдын демилгечилеринин бири болгон Мирлан Жээнчороев бүгүн ал кездеги демилгесинен кайтып, төө жасачу жорукту жасап олтурат. Эмне Мирлан Жээнчороев айта береби, айткан сөзүнөн кайта береби? Деги бул депутатта жигиттик сапаты барбы деги?

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *