“Скотч” менен жабыштырылган. Ч. Түлөбердиевдин эстелигинин жазуулары түшө баштады (фото)

  Мезгил

Советтер Союзунун баатыры Чолпонбай Түлөбердиевге арналган эстеликтин ачылышына бир ай толо элек жатып, жазуулары түшүп баштады.

Бул тууралуу Владимир Цай аттуу интернет колдонуучу интернеттеги баракчасына жазды.

«Сиздин эрдигиңиз өчпөйт, сиз жөнүндө эскерүүлөрүбүз эки тараптуу «пластикалык» скотчто…«, — деп жазган ал.

Анын айтымында, эстеликтин астындагы желим тамгалар эки тараптуу желим скотч менен жабыштырылып коюлган экен, мындан улам эмитен эле түшө баштаган.

Белгилей кетсек, Советтер Союзунун баатыры Чолпонбай Түлөбердиевге арналган эстелик жана парк ушул жылдын 7-майында Улуу Ата Мекендик согуштун 75 жылдыгына карата ачылган. 11 гектарды ээлеген парктын аймагы Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан толук оңдолуп- түзөлүп, ачылышына президент Сооронбай Жээнбеков катышкан. Паркты курууга шаардык бюджеттен 48 млн сом сарпталган.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *