ЖККУ саммитин 135 чет өлкөлүк массалык маалымат каражаты чагылдырууда

Мезгил

Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин бүгүн, 28-ноябрда Бишкекте Кыргызcтандын   төрагалыгы  алдында өтүп жаткан кезектеги сессиясынын ишин 135 чет өлкөлүк жана 130 жергиликтүү журналисттер чагылдырышууда. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. 

 Иш-чараны чагылдыруу үчүн 135 чет өлкөлүк журналисттер аккредитациядан өтүштү, алар Россиянын, Беларустун, Армениянын, Казакстандын жана Тажикстандын 43 жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү болуп саналат, ал эми 130 жергиликтүү журналисттер жалпысынан Кыргызстандын 34 жалпыга маалымдоо каражаттарынан келишкен.

ЖМКлар өкүлдөрү үчүн басма сөз борбору уюштурулган.

Саммиттин жүрүшү Кыргыз Республикасынын  Коомдук телерадиокоропрациясынын «Ала-Тоо 24» телеканалы аркылуу түз эфирден чагылдырылууда.

ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Тажикистан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон, Армения Премьер-министри Никол Пашинян жана ЖККУ башкы катчысынын милдетин аткаруучу Валерий Семериков катышууда.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *