ЖККУнун жыйынында он беш документке кол коюлду

Мезгил

Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин бүгүн, 28-ноябрда, Кыргыз Республикасынын төрагалыгы алдында өткөн кезектеги сессиясынын жыйынтыктары боюнча бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. 

Кол коюлган документтер:

 Глобалдык жана регионалдык коопсуздукту бекемдөө максатында эл аралык өз ара аракеттенүүнү жана кызматташтыкты өркүндөтүү жөнүндө Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин Билдирүүсүнүн долбоору жөнүндө;

Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин «1941-1945-жылдардагы Улуу Ата-Мекендик согушта Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоо боюнча иш чаралардын планы жөнүндө» чечиминин долбоору тууралуу;

Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин «Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» чечиминин долбоору тууралуу;

Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин «Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңеши жөнүндө Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» чечиминин долбоору тууралуу;

Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин «Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун органдарынын процедуралар Эрежесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» чечиминин долбоору тууралуу;

Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин «БУУнун 2019-2021-жылдарга Глобалдык контртеррористтик стратегиясын ишке ашыруу боюнча Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө-мамлекеттердин жамааттык аракеттеринин Планы жөнүндө» чечиминин долбоору тууралуу;

Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин «Тажик-афган чек ара боюндагы чыңалууну азайтууга багытталган кошумча чаралардын Тизмеги жөнүндө» чечиминин долбоору тууралуу;

Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин «Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө-мамлекеттердин коргоо-өнөр жай (аскерий-өнөр жай) комплекстеринин ишканаларынын жана уюмдарынын ортосундагы кооперациялык жана интеграциялык байланыштарды өнүктүрүү чөйрөсүндөгү базалык уюм жөнүндө» чечиминин долбоору тууралуу;

Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин «Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун алкагында биргелешкен илимий-изилдөөчүлүк жана тажрыйба-конструкторлук иштерди уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Жобо жөнүндө» чечиминин долбоору тууралуу;

Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин «Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө-мамлекеттердин туруктуу аракеттеги операциясы („ПРОКСИ“ операциясы) жөнүндө Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» чечиминин долбоору тууралуу;

Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин «Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Коргоо министрлер Кеңеши жөнүндө Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» чечиминин долбоору тууралуу;

Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин «Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Бюджетинин аткарылышы тууралуу Отчет жөнүндө» чечиминин долбоору тууралуу;

Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин «Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун 2020-жылга карата Бюджети жөнүндө» чечиминин долбоору тууралуу;

Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин «Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» чечиминин долбоору тууралуу;

Уюмга төрагалык кылуу, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сесиясын өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *