Жоголгон паспорттук бланкалар – 100 000, козголгон кылмыш иши – 36

    Мезгил

Кыргыз паспорттору чет өлкөлүк дин өкүлдөрүнөн тартып, кримтөбөлдөргө чейин мыйзамсыз берилип келгендиги бүгүнкү күндүн жаңылыгы эмес. Мындай мыйзамсыз берилген фактылар боюнча ИИМдин орунбасары Мирлан Каниметов парламентте депутаттардын суроолоруна:

“2019-жылы жасалма паспорт жасаган жана берген иштер боюнча 36 кылмыш иши козголгон. Учурда сотко чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат”, – деп жооп берди. Ал эми буга чейинки жылдарда мындай фактылардын канчоосу катталып, канчоосу көз жаздымда калып келди экен?

Ошол эле учурда Башкы прокуратурадан Айеркен Саймаитиге кыргыз паспортунун берилиши тууралуу иш сотко берилгендиги тууралуу билдиришти. Стамбулда ок чыгарылып каза болгон кытайлык уйгур ишкер Кыргызстандын ID-картасы жана жалпы жарандык паспортун пайдаланып жүргөн. Анын аты-жөнү Самятов Эркин Салимович, 1982-жылы туулган болуп өзгөртүлгөн. Паспортту берген орган Жалал-Абад облусунун Сузак районунун паспорт бөлүмү, ал эми берген киши башкы адис А.А. болгон. Ага карата КР ККнын 330, 320, 359-беренелери менен кылмыш иши козголду.

Атайын кызматтын мурдагы кызматкери, учуда паспорт даярдоо боюнча “Интерлинкс” компаниясынын башкы директору Таалайбек Жумадылов Кыргызстанда паспорттордун 100 000 ашуун бланкасы жоголуп кеткендиги тууралуу айтып берди. Аны террорчулар менен шылуундар пайдаланып жатышы мүмкүн деген жүйөсүн билдирди. Учурда чуу жаратып жаткан Саймаитинин Кыргызстандын паспортун алышы, жоголгон ушул 100 миңден ашуун бланканын бирине байланыштуу болушу мүмкүн. Саймаити 2014-жылы паспорт алып жаткан учурда 1994-жылкы берилген паспорттун негизинде алып жатам деп арызында жазган. Андай болсо эмне үчүн паспорт бергендер төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүктү жана аскердик билетин сурашкан эмес? Анткени ал паспортту жашы улуу болгон кезде алган деген Таалайбек Жумадылов.

Кыргыз паспортторун оңду-солду тарата берүүгө качан чекит коюлуп,  Кыргызстандагы бийлик менен тамырлашып кеткен мафиялык топтун тамыры кыйылар күн келер бекен?

Булак: Мезгил ньюс 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *