Жогорку Кеңеш. Депутат журналистер үчүн дресс-кодду алып салууну сунуштады

Мезгил

  Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Дастан Бекешев журналистер үчүн дресс-кодду алып салууну сунуштады.

“Журналистер бизге дайыма чалып эшикке чыгып интервью  берүүнү суранышат. Алар кирели десе “дресс-код” деп киргизбейт экен. Ушул киченекей маселени дайыма эле көтөрөбүз, карап чечип берип койбойсузбу? Буга эч кандай мыйзамдын кереги жок”- деп төрага Дастан Жумабековго  кайрылды.

Дастан Жумабеков негизинен дресс-код керек экендигин айтып, аккредитациядан өткөн журналистер тоскоолдуксуз эле өтүп жатанын айтты.

Бекешов “дайыма эле журналисттер пиджак менен жүрө  беришпейт да   кээде ар кандай болуп калат”-деди.

Төрага журналистер үчүн   жеңилдетилген шарттар каралып жатканын билдирди.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *