Жогорку Кеңеш унитаз сатып алууга кайрадан тендер жарыялады

 Мезгил

  Жогорку Кеңеш сантехника сатып алууга кайрадан тендер жарыялады. Тендердин жалпы суммасы 708,2 миң сомдү түзөт.  Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин сайтына жарыяланды.

 Маалыматка ылайык, жалпысынан 23 чоң унитаз, писсуарга  сенсордук  кран, раковина,  сууну агызуучу жабдыктар жана аларды орнотуу үчүн шаймандар алынат.

Тендер 11-сентябрда аяктайт.

Белглией кетсек, буга чейин Жогорку Кеңеш дааратканаларды оңдоо үчүн 2,7 миллионго тендер жарыялаган. Анын жеңүүчүсү болуп “Тянь-Шань импекс” ЖЧКсы жарыяланган, алар бул ишти 2,2 миллион сомго аткарууга макул болушкан.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *