Жогорку Кеңеш Замирбек Аскаров менен Эркин Асрандиевдин талапкерлигин жактырды

   Мезгил

Жогорку Кеңеш өзгөчө кырдаалдар министрине Аскаров Замирбек Марипбаевичтин, ал эми вице-премьер-министрликке Асрандиев Эркин Шамшудиновичдин талапкерлигин жактырды. Бул тууралуу  Жогорку Кеңештин  токтомдору кабыл алынды.

Талапкерлерди депутаттарга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тааныштырды. Ал Замирбек Аскаров буга чейин вице-премьер-министри болуп иштегенин, Эркин Асрандиев Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондун жетектеп келгенин, сунушталган талапкерлер буга чейин өзүн кесипкөй жана тажрыйбалуу жетекчи катары көрсөтө алганын билдирди.

«Талапкерлердин билими да, тажрыйбасы да жетиштүү, мамлекеттик кызматтын талаптарын жакшы билет. Ошондон улам, жаӊы кызмат ордундагы милдетин татыктуу аракалап кете алышат деген ойдомун», – деди ал.

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *