Айэркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлдү

 Мезгил

Кечээ,  21-ноябрда Жогорку Кеӊеш жыйынында Кытай Эл Республикасынын жараны Айэркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясын түзүү жөнүндө маселе күн тартибине киргизилип, колдоого алынды.

Ага ылайык, түзүлгөн комиссиянын курамына ар бир фракциядан депуттар кирди:

КСДП фракциясынан Ө.Бакиров, С.Жураев, А.Карашев, И.Матраимов;

“Республика – Ата Журт” фракциясынан М.Жээнчороев, З.Шарапов, Т.Мамытов;

«Кыргызстан» фракциясынан Д.Төлөнов, А.Эргешов;

“Өнүгүү” фракциясынан Т.Шайназаров;

“Бир Бол” фракциясынан А.Суйлайманов;

“Ата Мекен” фракциясынан А.Шыкмаматов.

Эске салсак, бүгүн, 21-ноябрда “Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов Түркияда атып өлтүрүлгөн кытай жараны Айеркен Саймаитинин өлүмү боюнча кандайдыр бир саясий оюндар башталганын, азыр анын өлүмүн башка жакка буруу, коомчулуктун арасында башкача пикир жаратуу аракеттери жүрүп жаткандыгын айтып чыккан. Ошону менен катар А.Сулайманов депутаттык комиссия түзүп, анын өлүмүнүн чыныгы себептерин жана ага кимдердин тиешеси бар экенине иликтөө жүрүгүзүлүп, кандайдыр бир жыйынтык чыгарылышы керектигин сунуштаган. Мындай демилгени депутаттар Жанар Акаев менен Төрөбай Зулпукаров да колдогон.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *