Жогорку кеңеште Акыйкатчыны шайлоо жүрүүдө

 Мезгил

Жогорку Кеӊеште Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысын (Омбудсменин) шайлоо жөнүндө маселе каралып, шайлоону өткөрүү үчүн комиссия түзүлдү. Акыйкатчылыкка парламенттик фракциялар тарабынан 5 талапкер көрсөтүлгөнү белгилүү болду. Акыйкатчы ошолордун арасынан тандалып алынууга тийиш.

Ошентип, КСДП фракциясы Токон Мамытовдун талапкерлигин, «Бир Бол» фракциясы 3 талапкерди – Маматурайим Момуновду, Рита Карасартованы, Рыскул Бактыбаевди, «Ата Мекен» фракциясы Канат Азиздин талапкерлигин сунуштаган.

Фракция жетекчилери өз талапкерлерин тааныштырды. Алар депутаттарды өз программалары менен тааныштырып, аларды кызыктырган суроолорго жооп берүүдө.

Эске салсак, мурдагы Акыйкатчы Кубат Оторбаев 27-июнда өз каалоосу менен ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *