Жогорку Кеңеште кыргыз-тажик чек арасындагы окуя боюнча өкмөттүн маалыматы жабык каралууда

   Мезгил

Жогорку Кеӊеште  Баткен облусунун Лейлек районундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаал боюнча  өкмөттүн  маалыматы жабык эшик артында угулуп жатат. Жыйынга Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышууда.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын 16-сентябрында Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылында жайгашкан кыргыз-тажик чек арасында ок атуу менен коштолгон капсалаӊдуу окуя болгон. Анын жүрүшүндө бир чек арачы өлүп, бир топ жоокерлер менен жарандар жараат алган. Ошондон улам, депутаттар тобу менен өкмөт башчы баштаган күч органдарынын жетекчилери окуянын кесепеттери менен жеринен таанышып, тажик тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келген.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *