Жогорку Кеңеште мектептеги хиджаб боюнча маселе көтөрүлдү

   Мезгил

Жогорку Кеңештин жыйынында мектептеги хиджаб боюнча маселе көтөрүлдү. Бул  боюнча  депутат Кожобек Рыспаев суроо салды.   КР Дин иштери боюнча мамлекеттик  комиссиянын директорунун орун басары Закир Чотаевге 

“Коомчулукта эң чоң маселе хиджаб маселеси. Биз светтик мамлекетпиз.   Мектептердеги окучулар  хиджаб кийип жатканы  боюнча айтсаңыз. Буга сиз кандай көз караштасыз?” деди депутат.

Ал мектептердеги хиджаб маселеси боюнча билим берүү министринин милдети экендигин айтып, бул боюнча министрлик  жооп бере тургандыгын айтты.

“Биз светтик өлкөдө жашайбыз” деди ал.

Депутат анын бул жообуна канааттанбай, дин тарабынан  бул  боюнча кандай иш чара  жүрүп жатканын сурады.

Ал кайрадан  бул  алардын милдети эмес экендигин айтып бул боюнча билим берүү министри жооп бере тургандыгын билдирди.    

“Сиз билим берүүнүн министринин милдети деп кутулбаңыз, буга силердин да түздөн-түз тиешеңер бар. Динний уюмдар иш алып баргыла алар силерди угат деди депутат.    

 Белгилей кетсек,  учурда “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору каралууда.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *