Жогорку Кеңеште  жаңы келген эки депутат ант беришти

Мезгил

Бүгүн, 14-майда Жогорку Кеңеште  жаңы келген эки депутат Жаныбек Жоробаев жана Шаршенбек Абдыкеримов ант беришти.

“Кыргызстан” фракциясынан депутат Алмазбек Эргешов жана Жаныбек Исаев мандаттарын тапшыруу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазышып, мандатын тапшырышкан. Алардын ордуна партиянын тизмесине ылайык, Жаныбек Жоробаев жана Шаршенбек Абдыкеримов келди.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жаңы депутаттардын иштерине ийгиликтерди каалады.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *