Жогорку Кеңештин депутаты мандатын тапшырды

  Мезгил

Жогорку Кеңештин депутаты Айтмамат Назаров мандатын тапшырды. Ал   “Улуттук энергетикалык холдингдин” жетекчиси болуп дайындалганын айттып депутаттык мандатын тапшыраарын билдирди.  

“Кечээ менин макулдугум менен, өкмөт башчынын жактыруусу менен “Улуттук энергеликалык холдинг” ишканасынын башчысы болуп дайындалдым. Мен үчүн бул чоң жоопкерчилик, түйшүк. Аталган ишкананын иши акыркы учурларда сындалып, аны жоюп салып, министрлик түзүү боюнча сунуштар айтылды. Бул энергетика тармагында реформалар жүрбөй жатканынан кабар берет”, – деди ал.

Белгилей кетсек,  Айтмамат Назаров 6-чакырылыштагы Жогорку Кеӊешке «Кыргызстан» саясый партиясынан депутат болгон.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *