Жогорку Кеңештин комитети өкмөттүн ишине канаттандырарлык деген баа берди

  Мезгил

Бүгүн, 12-майдагы Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин кезектеги отурумунда депутаттар  Өкмөттүн  2019-жылдагы иши тууралуу Премьер-министрдин отчетун карап, канаттандырарлык деп тапты.

Жыйында депутаттардын суроолоруна Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев жооп берди.  

Комитет мүчөлөрү отчеттогу социалдык-экономикалык маселелерге токтолушуп, өзгөчө өлкөнү экономикалык көрсөткүчтөрүнө көңүл бурушту. Ошондой эле мамлекеттик чек араларды демаркациялоо жана делимитациялоо маселелери көтөрүлдү.

Депутаттар Мыктыбек Абдылдаев менен Исхак Масалиев чек араларды тактоо маселесин Өкмөт тыкыр иликтеп, алгылыктуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшү керектигин белгиледи.

Ал эми депутат Курманкул Зулушев коррупциянын деңгээли боюнча Кыргызстандын эл аралык рейтинги тууралуу сөз кылып, алынган гранттык жана насыялык каражаттарды натыйжалуу маселесине токтолду.

Өз кезегинде депутат Кенжебек Бокоев өлкөдө административдик-аймактык реформаны ишке ашыруу көйгөйүн көтөрдү.

Мындан тышкары, депутат Айнуру Алтыбаева мамлекетибиздин эл аралык рейтинги жакшы жакка өзгөргөнүн белгилеп, энергетика жана тоо-кен ресурстарын пайдаланууда натыйжалуу иш алып баруу керектигин кошумчалады.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *