Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты 7 жылга эркинен ажыратылды

  Мезгил

Жогорку Кеңештин мурдагы  Музаффар Исаков 7 жылга эркинен ажыратылды.

Мындай чечимди  Жалал-Абад облустук соту чыгарды. Бул тууралуу облустук соттун басма сөз кызматынан  билдиришти.

Маалым болгондой, чечим бүгүн,  кечээ 14-майда чыккан. Анда  мурдагы депутат сот залынан камакка алынып, үй-мүлкү конфискацияланды. Ошондой эле депутат менен бирге айыпталып жаткан 3 адамдын бири 5 жыл алты ай, экинчиси 5 жыл, үчүнчүсү 4 жылга кесилди.

 Эске салсак, Башкы прокуратура 2017-жылы Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Музаффар Исаковго «Коррупция» беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Ага «2010-жылдан 2015-жылга чейин Сузактагы Таш-Булак айыл аймагынын башчысы болуп турганда архитектура жана Мамлекеттик каттоо органдары менен келишип алып, 14 гектардан ашуун айыл чарба багытындагы жерди жеке менчик турак жай курууга бөлүп берүү тууралуу 315 мыйзамсыз токтом чыгарган» деген айып коюлган. Исаков мандатын 2018-жылдын 24-декабрында тапшырган.

Жалал-Абаддын Сузак райондук соту ага коюлган «Коррупция» беренесин «Жер мыйзамдарын бузуу» беренесине которуп, 3 жылдык сыноо мөөнөтү менен жети жылга шарттуу түрдө эркинен ажыраткан.

Мамлекеттик айыптоо Музаффар Исаковду 12 жылга эркинен ажыратып, анын жаза мөөнөтүн күчөтүлгөн тартипте тартышын жана үй-мүлкүн мамлекеттин пайдасына алууну соттон сураган болчу.

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *