Жогорку Кенештин комитети спикерликке Талант Мамытовдун талапкерлигин жактырды

   Мезгил

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укукук маселелер боюнча комитети парламенттин төрагалыгына Талант Мамытовдун талапкерлигин жактырды.  

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан Жогорку Кеңештин жыйынында Канат Исаев спикерликтен кеткенден кийин «Республика-Ата Журт» фракциясы Талант Мамытовдун талапкерлигин спикерликке көрсөттү.

Фракция мүчөсү Өмүрбек Бакиров бул чечим фракция тарабынан 3-ноябрда макулдашылганын айтты.

Ал эми «Кыргызстан» фракциясынын лидери, Жогорку Кеңештин төрагасы Канатбек Исаев парламенттин жыйынында президенттик шайлоого катыша турганын жарыялады. Ал бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы кызматын тапшырды.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылгандан кийин Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматтан кеткен. Анын милдетин аткаруу парламент төрагасы Канатбек Исаевге өткөн, ал андан баш тартып, премьер-министрлик жана президенттин милдетин аткаруучу кызматтар Садыр Жапаровго жүктөлгөн.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *