Жогорку окуу жайларга II турдун жыйынтыгы менен 6260 абитуриент кабыл алынды

     Мезгил

  Жогорку окуу жайларга II турдун жыйынтыгы менен 6260 абитуриент кабыл алынды. Бул тууралуу билим берүү министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, анын ичинен 1130 адам бюджеттик негизде, 5130 адам келишимдик негизде.   Ар бир турда абитуриентте 2ден талон болот. Анын бирин келишимдик негизде, экинчисин бюджеттик негизде билим алууга таштай алат.

ЖОЖдорго кабыл алуунун акыркы туру бүгүн башталды, ал 5-августта жыйынтыкталат. Ар бир тур аяктагандан кийин 3 күндүн ичинде кабыл алууга сунушталган абитуриенттер ЖОЖдо окуусун тастыктоосу зарыл.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *