Жогорку окуу жайларга кабыл алуунун 2-туру башталды

Мезгил

Кыргызстанда жогорку окуу жайларга кабыл алуунун 2-туру башталды. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой,   2-тур  29-июлда аяктайт.   Ал эми 3-тур  3-августтан 5ине чейин жүргүзүлөт.  “Абитуриент онлайн” платформасы аркылуу 1-турдун алкагында жалпысынан 30 миң талон каттоодон өттү. 

Анын 17,5 миңи 64 ЖОЖго сунушталды. Ар бир турда эки талон берилет. Бири бюджеттик негизде болсо, экинчиси келишимдик түрдө. Ведомстводон белгилешкендей, ар бир тур аяктагандан кийин абитуриент тандаган окуу жайында билим алуусунун каалашын же баш тартуусун билдириши керек.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *