Жогорку сот Молдомуса Конгантиевди актады

   Мезгил

Молдомуса Конгантиев акталды. Бул тууралуу  жактоочу Икрамидин Айткулов билдирди. 

Анын айтымында бүгүн, 3-июнда Жогорку сот мурунку ички иштер министри Молдомуса Конгантиевге карата акыркы чечимди чыгарды.  

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкектин Биринчи май райондук соту актоо чечимин 2019-жылдын 5-июлунда чыгарган болчу. Бишкек шаардык соту дагы бул өкүмдү күчүндө калтырган.

Айыптоочу тараптын маалыматы боюнча, М.Конгантиев 2010-жылдын 6-7-апрелинде болгон, анын ичинде Таластагы баш аламандыкта кызматтык ыйгарым укуктарын аша чапкан деп айыпталып жаткан. Ал учурда укук коргоо органдары нааразы болгондорго карата курал колдонгон болчу.

 

 

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *